УКМК: «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Салык кызматынын кызматкери кармалды»

  • 2 года мурун

Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамы Н.С. жасалма документтерди жасап, кыргыз жаранын жеке ишкер катары салык органдарында жасалма түрдө каттоодон өткөрүп, андан кийин анын атынан көмүскө экономикалык иштерди аткарып жүргөн. Жыйынтыгында республикалык бюджетке келтирилген зыян болжол менен 52 миллион 870 миң сомду түзөт. 25-январда Н.С. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда жогоруда аталган мыйзамсыз экономикалык иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты