УКМК: “Кыял” ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемалар аныкталды

  • 1 год мурун

“Кыял” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананын кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери жеке баюу максатында базардын ишкерлеринен жана соодагерлеринен системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштуруп алышкан.

Сот органдарынын чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз ижарага берүү үчүн акча чогултуунун далилдери табылып, ошондой эле “Кыял” МИнин коммерциялык-өндүрүштүк жайларын расмий каттоосуз 12 миң долларга мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мамлекетке келтирилген чыгымдын так суммасы аныкталууда. Ошондой эле, мындан сырткары соода жайларын жабдууда өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары аныкталды, бул материалдык гана эмес, калк арасында да курмандыктарга алып келиши мүмкүн.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын күз айларында өрт коопсуздугунун бузулушунан улам “Кыял” базарында өрт чыгып, жалпы өрттүн аянты 100 чарчы метрди түзүп, 17 павильон күйүп кеткен.
 Чогулган далилдерди эске алуу менен “Кыял” МИнин мурдагы директору А.Э, базардын контролерлору О.У, Н.у.Н. жана Ж.у.А., ошондой эле аталган коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар А.А. жана А.Э. кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда коррупциянын башка көрүнүштөрүн, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү текшерүүлөр дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты