УКМК: «Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстандын аймагы аркылуу жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталды»

  • 2 года мурун

Кытайдан Өзбекстанга Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Евразия экономикалык биримдигинин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларды жүрүшүндө, УКМКнын кызматкерлери, Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын «Манас» МБК бажысы менен бирдикте Бишкек шаарындагы почта ишканаларынын биринин дарегине Кытайдан келген Өзбекстандын алкоголдук продукциясына жасалма акциздик маркалары аныктады.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагында бир катар жарандар кармалган.

Бул иш-чаралар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы этабын көрсөтүп, достук жана жакшы коңшулук мамилелерди сактоого багытталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты