УКМК: Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер аныкталды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстанга дарыгердин көрсөтмөсү боюнча берилүүчү өзгөчө көп өлчөмдөгү дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып кирип жана аларды Өзбекстандын аймагына алып чыгып жүргөн канал аныкталганын кабарлады.

Атайын кызмат билдиргендей, 5-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында Р.С.Г. аттуу кыргыз жараны 9600 даана “Зардекс” (Индияда жасалган) дарыларын өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Маалыматка караганда, бул дары-дармектердин баасы Өзбекстандагы көмүскө базарында 288 миң АКШ долларын түзөт.

«Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 6-июлда бул каналдын уюштуруучусу Г.И.Н. жашаган дарегинде — Ош облусу, Кара-Суу району, Шарк айылы, Мадумаров көчөсү боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 591 даана “Тропикамид” (көзгө тамчылатчу) дарылары алынды. Келтирилген зыяндын суммасы 5 млн 867 миң сомдун тегерегин түздү«, — деп айтылат маалыматта.

УКМК жогорудагы дары-дармектер Өзбекстандын аймагына жөнөтүү үчүн эч кандай уруксаат кагаздары жок Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келгенин, ал жакта жаштар бул дары-дармектерди жеңил баңгизат катары колдонушарын билдирди.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында бул каналдын уюштуруучусу Г.И.Н. кармалып, Ош облусунун Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты