УКМК: «Кыргызстандан Казакстанга Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу каналына бөгөт коюлду»

  • 1 год мурун

Кыргызстандан Казакстанга Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

19-майда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу баалуу металлдарды алып чыгуу каналын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Ак-Жол-Автодорожный» өткөрүү пунктунда, жалпы салмагы 25 кг 925 күмүштөн жасалган зер буюмдарын эч кандай уруксаат кагазы жок Казакстан тарапка мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурунда Казакстандын Б.А.М аттуу жараны кармалды.

Учурда жогорудагы баалуу металлдарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты