УКМК: «Кыргыз почтасынын» кызматкери пенсия жана жөлөкпулдардын акчасын өзүнө ыйгарып жүргөн

  • 20 часов мурун

Жалал-Абадда «Кыргыз почтасы» ишканасынын «Таштак» байланыш бөлүмүнүн башчысы ишенип берилген 10 млн 700 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алганы аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул алыскы райондордун тургундарына пенсия, жөлөкпул жана эмгек акыларын төлөөгө арналган акча каражаттарын ыйгарып алуу жана коротуу фактысы «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери тарабынан аныкталган.

Жогоруда кармалган башчы бул кылмыш ишин Сузак районунун тургуну менен тил табышып жасаганы белгилүү болгон. Учурда аталган эки жаран тең кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты