УКМК: «Кристалл» ААКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды

  • 5 месяцев мурун

«Кристалл» ААКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, маркум Камчы Асанбектин аффилирленген жактары тарабынан «Кристалл» ААКнын активдерин жана мүлктөрүн мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча «Кристалл» ААКнын аймагында атайын «Компьютер Павер центр» ЖЧК түзүлүп, ал 2019-жылдын май айынан тарта, 2020-жылдын октябрына чейин тийиштүү уруксат документтери жок туруп, майнинг-ферманы жабдуу жана техникалык жабдуу иштерин аткарып келген.

Аткаруучу директор Таш-Көмүр шаарынын тургуну О.М. аталып, ал эми финансы каражаттарын иш жүзүндө башкаруучу катары Т.А.К. (маркум кримавторитет К.Асанбектин “өкүл баласынын» жакын адамы) болгон. Майнинг-ферманы ишке киргизүүнүн негизги максаты К.Асанбектин кылмыштуу структураларын каржылоо багытталган.

Ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн «Аю-Холдинг» корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган, анын курамына “НурАлЭнерго” энергетикалык компаниясы кирип, ал “Кристалл” заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырып, муну менен К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөк көрсөткөн.

Ошол эле учурда «Кристалл» ААКнын мүлк комплекси банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен «Компьютер Пауэр Центр» ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген», — деп жазылат маалыматта.

Жыйынтыгында Таш-Көмүр райондук сотунун 10-январдагы чечими менен «Кристалл» ААКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты