УКМК: «Коңшу өлкөдөн контрабандалык жол менен алынып келинген унаа кармалды»

  • 2 года мурун

Коңшу өлкөдөн контрабандалык жол менен алынып келинген унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан өлкөнүн аймагында аткезчилик ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүнүн туруктуу каналы токтотулду.

18-мартта УКМК тарабынан мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Лейлек районунун Достук айылынын А.Д. аттуу тургунунун башкаруусунда, чек арадан алып өтүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү документтери жок “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.

Сурак учурунда унаанын ээси А.Д. бул машинаны коңшу мамлекеттин жаранынан алганын айтып, автотранспортко укукту аныктоочу документтери жок экенин тастыктаган.

Аталган факты боюнча 29-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иш козголгон.

Белгилей кетсек, келип түшкөн маалыматтар боюнча, буга чейин ондогон автоунаалар Кыргыз Республикасынын аймагына ушундай эле жол менен бажы жана башка төлөмдөрдү төлөбөстөн алынып келинген, алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке 4,5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Азыркы учурда бул багытта кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты