УКМК: «Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз мал алып келүү ишине бөгөт коюлду»

  • 7 месяцев мурун

УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына бодо малдарды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-январда Талас районундагы Көпүрө-Базар чек ара айылынын «Чон-Кыя» аймагында УКМК кызматкерлери жана УКМКнын чек ара кызматынны кызматкерлери менен биргеликте Т.Р. аттуу кыргыз жараны контрабандалык жол менен 50 баш ири мүйүздүү малды Казакстандан алып өтүү ишин токтотушту.

Учурда бул факты боюнча жагдайларды жана адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды, анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты