УКМК: Караколдогу «Бугу» жана «Макиш» соода базарларынын ээси кармалды

  • 4 месяца мурун

Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси Р.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган Р.А. узак мезгил аралыгында көрсөтүлгөн соода базарларда иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө каржылык ишмердүүлүктө көптөгөн мыйзам бузуулар такталып, анын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ыктыярдуу турдө Каракол шаарынын мэриясынын балансына, аянты 1,14 гектар, наркы 233 млн. сомдон ашык «Макиш» жана «Бугу» соода базарлары өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты