УКМК: «Каракол» жаратылыш паркы мамлекетке кайтарылды

  • 6 месяцев мурун

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө алынган «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легализациялоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Каракол лыжа базасынын жанындагы престиждүү аймакта жайгашкан 2 гектар жер тилкеси табылып, «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына кайтарылды. Атайын кызмат жер тилкесинин баасы болжол менен 10 миллион сомго барабар экенин маалымдады.

УКМК: "Каракол" жаратылыш паркы мамлекетке кайтарылды

«Аталган жер участогуна лыжа туристтик базасын куруу пландаштырышкан, бул уюшкан кылмыштуу топко олуттуу суммадагы каражат алып келмек», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев УКМК тарабынан атайын операция учурунда өлтүрүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты