УКМК: Каракчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

  • 8 месяцев мурун

Каракчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетининин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 14-ноябрда УКМК кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен 1989-жылы туулган Ч.А.Т. аттуу жаран кармалган. Ал 2017-жылдан бери каракчылыкка катышкандыгы үчүн Ички иштер министрлиги тарабынан расмий издөөдө жүргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Ч.А.Т. ушул жылдын жайында жеке адамдар менен сүйлөшүп алып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү жана аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенгени аныкталган.

УКМК учурда бул кылмыштуу ишке тиешеси бар башка адамдар болуп-болбогону такталып жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты