УКМК: «Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы пара менен кармалды»

  • 4 месяца мурун

Ош облусундагы Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 19-июнда пара алып жаткан жеринен Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы кармалган.

Маалыматта Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Т.Р.М. паспорт берүү жана Кыргызстандын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү үчүн жарандардан опузалап акча талап кылганы айтылат. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүнө («опузалап пара талап кылуу») ылайык кылмыш иши козголгон. Натыйжада Т.Р.М. 750 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты