УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасы өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кармалганын ырастады

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) төрага Камчыбек Ташиевдин бажасы А.Т.О. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча кармалганын жана камакка алынганын ырастады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

“УКМК коомчулукка УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы А.Т.О. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кармалганын коомчулукка билдирүүнү туура көрдү. Тергөө А.Т.О. Түркия жараны А.С. менен сүйлөшүп алып, алдоо жолу менен жана ишенимден пайдаланып, жергиликтүү ишкердин ири суммадагы акча каражаттарын ээлеп алган. Жабыркаган жаран УКМКга арыз менен кайрылган. Жакын туугандык мамилеге карабай, УКМК төрагасы К. Ташиев объективдүү иликтөө жүргүзүп, күнөөлүү адамдар боюнча юридикалык баа берүү тапшырмасын берген” деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.

Малыматта айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө А.Т.О. жана А.С. аттуу жарандар кармалган жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Тергөө жүрүп жаткандыгы жана жабыркаган тарапка чыгымды төлөп берүү чаралары да каралып жаткандыгы белгиленди.  

УКМК кийинки кездерде бийликтеги кызмат адамдары менен туугандыгына, тааныштыгына таянып, укук бузуулар көбөйгөнүн, бирок жогору кызматтагыларга кандай гана туугандыгы же тааныштыгы болбосун, кылган кылмышы үчүн ар ким мыйзам алдында жооп берээрин белгиледи.

Бүгүн, 17-июлда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганын бир катар ЖМК жеке булактарына таянып, жазып чыкты.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун маалыматында, аты-жөнү А.Т.О. деген тамгалардан башталган жаран 11-июлдагы чечим менен 11-августка чейин камакка алынганы кабарланды.

                   .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты