УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүлктөрүн конфискациялоо иштери уланууда

  • 3 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттин менчигине алуу боюнча активдүү иштер улантылууда.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Камчы Көлбаев (К. Асанбек) 2023-жылы мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу максатында Чолпон-Атадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар  аянттагы жер тилкесин жеке менчикке алып, аны У.А.К. аттуу жакын тууганына каттаткандыгы аныкталган.

Мындан улам, УКМК тарабынан көрүлгөн тийиштүү чаралардын натыйжасында сметалык баасы 21 миллион 315 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилди.

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин кирешесине кайтаруу иштери улантылып жатканы белгиленди.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты