УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү акча опузалоого шектелип кармалды

  • 1 год мурун

Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев — ред.) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Н.С.Т. аттуу жаран акча опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, шектүү 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен Кыргызстандын жаранынан “Мерседес S500” үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң АКШ долларын күч колдонуп тартып алган.

Шектүү учурда тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты