УКМК: Калкты каттоо департаментинде системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

  • 5 месяцев мурун

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинде системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери С.З. калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн жарандардан системалуу түрдө акча каражатын чогултуп келгендиги такталган. Аталган факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча айып тагылды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты