УКМК: “Кадастр” мекемесинин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө коррупциялык схема аныкталды»

  • 1 год мурун

КаМанас районунун Покровка айыл аймагынын ишмердигинде турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А. жана жер адиси Б.А. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүп алышып, жер тилкелердин чыныгы ээлерине билгизбей, жер участоктордун жасалма документтерин жасоо жолу менен, үчүнчү жактарга мыйзамсыз беришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, «Кызматтык жасалмалоо» беренеси боюнча Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А. жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкери Ж.Ж. кылмыш белгилери боюнча айып тагылган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары, анын ичинде аталган мыйзамсыз фактыга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты