УКМК: «Кадамжайда жеке нотариалдык контора тарабынан мыйзамсыз ишеним кат берүү фактылары аныкталды»

  • 2 года мурун

Кадамжайда жеке нотариалдык контора тарабынан мыйзамсыз ишеним кат берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облусунун Кадамжай районунун жеке нотариалдык конторасы А.А. аттуу кыргыз жаранына катталып, анын Т.Г. аттуу жубайы лицензияны жана уруксаты жок нотариалдык иш-аракеттерди мыйзамсыз бергени жана бурмаганы боюнча фактылар аныкталды.

Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүм (Жеке нотариустардын, аудиторлордун, эксперттердин же баалоочулардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты