УКМК: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы аныкталды

  • 4 месяца мурун

«Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун «Бишкек Нефть Компаниясы» ЖАКтын май куюучу станциялар тармагынын негиздөөчүсү жана ээси Н.А.М. тарабынан каржылоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыш ишинин алкагында Н.А.М. «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбек менен ишкерликти жүргүзүү үчүн колдоо алуу максатында байланыш түзгөндүгү, бул үчүн анын кылмыш ишин бир нече жолу каржылагандыгы жөнүндө далилдер алынды.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК тарабынан учурда аталган кылмыш ишинин алкагында жогорудагы укукка каршы жосундарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты