УКМК: «Көлбаевдин тобунун активдүү мүчөсү деп аталган жаран кармалды»

  • 7 месяцев мурун

К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, (Токмок шаарын кароочусу) деп аталган К.Э. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, “Токмок шаарынын кароочусу” деп катталган К.Э.Ж. жеке ишкерден 5 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу фактысы боюнча кармалды.

«К.Э.Ж. физикалык басым жасоо жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу аркылуу унааларды тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерден туруктуу негизде (б.а. отметка) акча талап кылып алып турганы аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Э.Ж. 1 миң АКШ долларын талап кылып алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты