УКМК: «Ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткендин тургуну кармалды»

  • 1 год мурун

Ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну О.И. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң доллар (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган О.И. аттуу Баткен районунун тургуну кармалды.

Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты