УКМК интернет колдоонуучуларын Матраимовдорду актоо боюнча жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырды

  • 1 месяц мурун

УКМК бир тууган Матраимовдордун кармалышы боюнча интернет жана социалдык тармактардын кыргыз сегментинде деструктивдүү адамдар жана фейк аккаунттар тарабынан алардын кылмыштуу ишин актоо боюнча жалган маалыматтарды жайылтуу фактылары байкалганын билдирди.

«25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматтары менен биргеликте Баку шаарында эл аралык издөөдө жүргөн Райым Матраимов менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду кармаган. Учурда Райым Матраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана 222-беренеси “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Бир тууган Матраимовдордун кармалышы боюнча интернет жана социалдык тармактардын кыргыз сегментинде деструктивдүү адамдар жана фейк аккаунттар тарабынан алардын кылмыштуу ишин актоо боюнча жалган маалыматтарды жайылтуу фактылары байкалууда. Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн имиджине, прогрессивдүү өнүгүшүнө жана туруктуулугуна коркунуч алып келет», — деп жазылат маалыматта.

Мындан улам, УКМК интернет тармагынын колдонуучуларын бул факт боюнча чагымчыл инсинуацияларды жайылтуудан алыс болууга чакырат. Ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян алып келиши мүмкүн болгон аракеттер үчүн кылмыш жана башка жоопкерчиликтер каралганын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты