УКМК: Июнь окуясында милиция кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү кармалды

  • 11 месяцев мурун

2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп айтылып, издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны Х.Д.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Видео: Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2023-жылдын 17-августунда издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган Кыргызстандын жараны Х.Д.А. чет мамлекеттин аймагында кармалган. Кармалган жаран 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип жатат. Ошондой эле Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү Ош шаарындагы №5 Тергөө абагына киргизилет.

УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты