УКМК: «Хизбут-Тахрирдин» Кыргызстандагы лидери алдамчылыкка шектелип, эл аралык издөөгө алынды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Хизбут-Тахрир Аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмдун (ДЭУ) Кыргызстандагы лидери өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылгандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынганын билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун иерархиясына кирген башчыларды жана жогорку кызматтагы функционерлерди нейтралдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Мунун алкагында Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир Аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун лидерлери жана функционерлери кармалган. Алардын арасында учурдагы жана мурдагы «масулалар» (республика боюнча лидерлер), финансист, ошондой эле «мусоиддер» («масуланын» жардамчылары жана белгилүү бир аймакка жооптуулар) бар экендиги айтылды.

«Кармалган адамдардын көрсөтмөсү менен “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрү бир нече жылдан бери Кыргызстандын калкынын арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, жаңы жактоочуларды тартуу, интернетте фейк аккаунттарды түзүү, ошондой эле жашыруун басмакананы пайдаланып, өлкө аймагында материалдарды көчүрүү жана таратуу менен алектенип келишкендиги такталды»,- деп айтылат маалыматта.

УКМКнын айтымында, «Хизбут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик аракеттерин каржылоо үчүн республиканын бардык региондорунда катардагы мүчөлөрдөн акча каражаттарын чогултуу боюнча тармак түзүлгөн, бирок чогултулган каражаттар жогорку даражалуу функционерлерге ыйгарылып, алар каражатты өз каалоосу боюнча пайдаланышкан. Жыл сайын «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрү тарабынан республика боюнча 7-8 миллион сомго жакын каражат чогултулган.

«Жогорудагы иш-чаралардын алкагында Ош облусунун Кара-Суу айылынын 1964-жылы туулган Ю.Н.Д. аттуу тургуну «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун иерархиясында “Мандуб” кызматын ээлеген – “Кыядатанын” («Хизбут-Тахрир» ДЭУнун чет өлкөдөгү штаб-квартирасы) Кыргыз Республикасындагы өкүлү болуп, ал чет өлкөдө жүргөндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы экстремисттик иштерди координациялаганы аныкталган. Ошондой эле, жогоруда аталган каражаттар анын дарегине жөнөтүлгөн»,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Мындан улам, УКМК аталган жаран эл аралык издөөгө алынганын билдирди.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты