УКМК: «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду»

  • 2 года мурун

«Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун Бишкек шаарынын аймагында иштеген “жаштар канаты” деп аталган көмүскө ишмердүүлүгү токтотулду. “Хизб-ут-Тахрирдин” токтотулган көмүскө мүчөлөрү кыргыз жарандары Д.Б., Б.Б., М.Н., Ж.А., Ж.А., М.Ы. жана З.А. борбордогу ЖОЖдордун студенттеринин арасынан “Хизб-ут-Тахрирдин” катарына жаңы тарапташтарды чакыруу жана даярдоо менен алектенген. «Жаңы тарапташтар тыюу салынган уюмдун катарына киргенден кийин келечекте мамлекеттик структураларга орношуп, экстремисттик идеологиянын жайылышына көмөкчү болушмак. Ячейка мүчөлөрү конституцияга каршы материалдарды окутуу боюнча үзгүлтүксүз жашыруун сабактарды өткөрүшкөн, ошондой эле экстремисттик материалдар электрондук форматта, анын ичинде Интернет аркылуу (социалдык тармактар жана фейк аккаунттар) таратышкан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун аталган мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна тиешеси бар делген көп сандагы электрондук материалдар, баракчалар, ноутбуктар, планшеттер, смартфондор жана флеш-карталар табылып алынды. Алынган материалдарга жана электрондук алып жүрүүчүлөргө комплекстүү экспертиза дайындалды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында көмүскө ячейканын 7 мүчөсү кармалды», — деп жазылат маалыматта.

“Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун жаштар канатынын лидерлеринин бири болгон “Д.Б.” аттуу жаран УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты