УКМК: «Героин» менен кармалгандар 13 жылга эркинен ажыратылды

  • 8 месяцев мурун

«Героин» менен кармалгандар 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чектеш аймактарынын жашоочулары тарабынан уюштурулган оор баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлган. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан кыргыз жарандары З.Э. жана Ш.Э.Д, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин аймагына баңги каражаттарынын ар кандай түрлөрүн ташуу жана таратуу боюнча туруктуу канал уюштурган коңшу өлкөнүн жарандары аныкталган.

Натыйжада 2022-жылдын 13-ноябрында Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунан 1105 грамм салмактагы «героин» баңгизатын (кара базарда баасы 5 миллион сомго жакын) ташып бара жаткан жеринен Талас районунун тургундары Ш.Э.Дж. жана бул каналдын уюштуруучусу З.Э. кармалган. Жайыл райондук сотунун чечими менен З.Э. жана Ш.Э. мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды. УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштар үчүн катуу жазалар каралганын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты