УКМК: «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинде бажы кызматкерлерин сабаган 25 киши кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан  9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү  “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктунда бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган 25 адам кармалды. Алар таасир үчүн күрөштө «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабап салышкан.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

«Ош облусунун Алай районунун аймагында бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган жергиликтүү тургундардан турган адамдардын тобу иштеп жаткандыгы аныкталган. Жогоруда аталган жактар «Эркечтам»  алдын ала бажы процедурасы өтчү жерге (АБПЖ) бажы ишин монополиялаштырышкан жана Кытайдан Кыргыз Республикасына импорттолуучу бардык товарларды көзөмөлгө алып, аларды Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан “Каратай” бажы тариздөөчү жерине чейин коштоону көзөмөлгө алышкан. Мындай аракет мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан. «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктунун режимдик объектисинин шартында «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине (ортомчулар) тарабынан кол салуу фактысы боюнча 10-сентябрында УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бажы кызматын көрсөткөн 25 адам кармалды» деп айтылат маалыматта.

«Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине кол салуунун уюштуруучуларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты