УКМК: «Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды»

  • 2 года мурун
УКМК: «Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү  кармалды»

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын жүргүзгөн аракеттерин бетин ачууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүн Кыргыз Республикасына кайтаруу жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер улантылууда.

2009-жылы Ооган-Пакистан конфлигинин аймагына кетип, ал жерден Өзбекистан ислам кыймылы «ӨИК» эл аралык террористтик уюмдун катарына кошулган, ислам мамлекети «ИМ» эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү, Ю.А. аттуу кыргыз жараны Кыргыз Республикасына кайтып келе жатып кармалды.

Кылмыш-жаза кодексинин (1997-ж.) беренелеринин 226-4 1-бөлүгү, 299-1 3-бөлүгү, 375 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 6-декабрда Ош шаардык соту тарабынан Ю.А. УКМК тергөө камак жайына бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган адам интернет мейкиндиктеринде «ИМ» ЭТУнун ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн медиа-террордук иш-аракеттерди да жүргүзүп келгендиги аныкталды.

Учурда бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты