УКМК: «Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды»
- 2 года мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү делген адам кармалганын кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалган жаран Н.Р. КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашыруун теракт уюштурууга даярданган деп шектелүүдө.
«Кармалган жарандын Telegram мессенжериндеги жашыруун аккаунттар аркылуу жасаган бардык аракеттери террористтик уюмдардын биринин эмиссарлары тарабынан координацияланганы аныкталды. Бул кылмышты ишке ашырууга аракет кылганга чейин Н.Р. эл аралык террордук уюмдун жетекчисине ант берген«, — деп жазылат УКМКнын маалыматында.
Шектүү атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө кармалып, тергөө абагына киргизилген.
УКМК учурда аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте террористтик топтун башка катышуучуларына карата тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Сүрөт: УКМК




