УКМК эл аралык террор уюмунун согушкери кармалганын кабарлады

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24-мартта “Катиба Тавхид ва-Жихад” эл аралык террористтик уюмунун согушкери кармалганын кабарлады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, кармалган адам Сирияда диверсиялык, мина жардыргыч заты боюнча машыгуудан өткөн жана терроризмге каршы коалициянын күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан. Ал «Катиба Тавхид ва-Жихад” эл аралык террор уюмунун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Сириядан чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн бирине теракт жасоо үчүн чыккан.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты