УКМК: Эл аралык наркоканалды уюштурууга шектелип эки жаран кармалды

  • 5 месяцев мурун

Эл аралык наркоканалды уюштуруп жаткан жеринен кыргыз жараны жана  Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча пландуу иштин жүрүшүндө «Тажикистан — Кыргызстан — Өзбекстан» багыты боюнча эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун эл аралык наркоканалы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусу чет элдик баңгизат сатуучулар менен бирге Баткен районунун тургуну жана БМЖКККнын Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкери экендиги аныкталып, алар чет өлкөлөрдөн баңги каражаттарын Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөгө сатуу жана өткөрүү каналын жөнгө салышкан.

12-февралда «Баткен-Ош» унаа жолунда атайын операциянын жүрүшүндө Н.Р. аттуу кыргыз жараны кармалып, аны тинтүү учурунда жалпы салмагы 3 кг 996,7 грамм (базар баасы 1 миллион 800 миң сом) афган тектүү «чарс» бангизаты табылган. Аталган трансулуттук баңги тобуна тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, баңги каналын уюштуруучусунун жардамчысы, БМЖКККнын Баткен облусундагы башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери — милициянын лейтенанты С.И.У. кармалды. Аталган кызматкер КР Мамлекеттик чек арасынын көзөмөлгө алынган аймактары аркылуу баңги каражаттары үчүн акы төлөө катары кызмат кылган транспорт каражатын өткөрүүгө көмөк көрсөткөн. Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 17-февралда уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөлөрүнө Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-бөлүгү – 282-беренесинин 3-бөлүгү менен айып тагылып, Ош шаардык соту тарабынан УКМКнын тергөө абагына 5-мартка чейин камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты