УКМК: Эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалды

  • 2 недели мурун

Эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалып, андан «Мефедрон» баңги каражаты алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-апрелде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү, сактоо, ташуу, жөнөтүү» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү К.у.А. кармалды.

«Чүй облусунун Пригородное жана Достук калктуу конуштарынын ортосундагы «Манас аэропорту – Бишкек шаары » авто жолунда Кыргыз Республикасынын 1995-жылы туулган К.у.А. аттуу жараны кармалып, андан жалпы салмагы 2 килограмм болгон «Мефедрон» синтетикалык баңги каражаты табылды. Аталган заттын 1 граммы базар баасында 6000 сомду түзөт, жалпысынан табылган жүктүн наркы 12 миллион сомго жетет», — деп жазылат маалыматта.

Кармалган К.у.А. аттуу жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты