УКМК: Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди
- 5 месяцев мурун
Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-апрелде Камчыбек Жолдошбаевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан өзгөртүлүп, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун тагыраагы, 150 млн сом төлөп берди.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Муну бөлүшүү