УКМК: Эки милиция кызматкери 160 миң сом пара талап кылууга шектелүүдө  

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК)  тарабынан укук коргоо органдарындагы системалуу коррупция жана опузалоо менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты М.Б.А. жана милициянын капитаны М.Б.Б. жеке баюу максатында алар уюлдук телефонду уурдоо фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында маселени оң чечип берүү үчүн жарандан 160 миң сом талап кылышкан.

11-июлда ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери опузалап 20 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.

13-июлда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен М.Б.А. жана М.Б.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш жасаган деген шек менен тергөө камак жайдын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы белгиленди.

УКМК: Эки милиция кызматкери 160 миң сом пара талап кылууга шектелүүдө  
УКМК: Эки милиция кызматкери 160 миң сом пара талап кылууга шектелүүдө  

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты