УКМК: ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду
- 12 месяцев мурун
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын аймагына тиричилик буюмдары деп товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз түрдө, милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.
26-октябрда “Чоң-Капка-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү жүк ташуу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктар чыккан.
Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктык төлөмдөрдү төлөбөй коюдан тарткан зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.