УКМК: «Дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду»

  • 2 года мурун

Дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

4-июлда УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Т.М. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.

2003-жылы Т.М. КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз түрдө тапшырган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде судья Т.М. жогорку билими тууралуу жазалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты