УКМК: Диний уюмдун өкүлдөрү пара берүүгө шектелип кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун эки өкүлү кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, алардын бирөө чет өлкөнүн жараны болгон.

Атайын кызмат билдиргендей, христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний чөйрөдөгү мыйзамдарды бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат албай эле чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө уруксат берилген эмес.

Шектүүлөр маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, 1000 доллар пара сунуштаган. 29-майда бул сумманын 500 долларын берип жаткан жеринен кармалган. Чет элдик жаран атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси менен иликтенип жатат. УКМК Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөлүк диний өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин мыйзамдарды сактоого чакырды. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты