УКМК: Диний сектанын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
- 2 года мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын аймагында «Кришна аң-сезим коому» же «Харе Кришна кыймылы» деп аталган сектанын функционерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү сектанын жолдоочулары чет өлкөлүк миссионерди («Санньяса») тартуу менен, коммерциялык сессияларды (өзүн-өзү тазалоо, өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча психологиялык курстар) жамынып, иш-чараларды мезгил-мезгили менен уюштуруп турушкандыгы аныкталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө сунуш жана манипуляция катары психологиялык таасир этүү ыкмалары, ошондой эле жеке («жаппа») жана жамааттык («киртан») түрдө медитация, мантрларды ырдоо жана жашыруун диний ырым-жырымдар активдүү колдонулган.
«Ошентип, 2024-жылдын ноябрында Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде аталган сектанын мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын 300гө жакын жаранынын катышуусу менен конференция уюштурулган. Катышуу үчүн билеттер 1000сомдон 3000 сомго чейин сатылган. Ошол эле учурда катышуучулардын көпчүлүгү уюштуруучулардын диний сектага катышы жана иш-чаранын диний мүнөзү тууралуу кабардар болгон эмес»,- деп айтылат маалыматта.
Мыйзамсыз диний иш-аракеттерге бөгөт коюу максатында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүн тартуу менен текшерүү уюштурулган. Анын жыйынтыгында, мыйзамсыз диний иш-аракеттерди уюштуруучуларга карата айып пул (120 миң сом) салуу менен укук бузуулар тууралуу протоколдор түзүлгөн.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы




