УКМК депутат Молдобекованын кеңешчиси документ жасалмалоо боюнча кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 12-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан «Альянс» фракциясынан ЖК депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р.  деген жаран алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалганын тастыктады.

Р.А.Р. 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү  алып жүргөндүгү аныкталган. Учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталууда.

Мындан тышкары кармалган жаран ортомчулук кызматын көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык жолу менен жарандардын ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган.

Жогорудагы кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Р.А.Р. тарабынан жасалган мыйзамсыз иштердин  бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынан депутат Гүлкан Молдобекованын кабинетинде атайын күч кызматкерлери кирип барышканы, депутаттын кабинетинде тинтүү жүргүзүлүп жатканы маалымдалган.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» фракциясынын төрагасы Жанарбек Акаев депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүнүн тинтүүгө алынышы Молдобековага тиешелүү эмес экенин билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова 12-сентябрда парламенттеги иш бөлмөсү тинтүүгө алынганы жардамчысына байланыштуу экенин айтты.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты