УКМК депутат Өмүрбек Бакиров кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жолукканы аныкталганын билдирди

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров 25-декабрда Чолпон-Ата шаарында кримтөбөл Камчы Асанбек (ред.- Көлбаев) менен жолукканы аныкталганын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматта депутат уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен «Барс» спорттук-эс алуу комплексине жашыруун жолугушуу үчүн барганы, бул боюнча далилдүү фактылар бар экени айтылат.

«Белгилей кетсек, кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат. Ушуга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде эл депутаттарына кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин эскертет, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланат», — деп жазылат маалыматта.

Депутат Бакиров УКМКнын бул айыптоосун четке кагып, “Барс” жайына катардагы эс алуучу катары барганын, Көлбаев менен жолукпаганын «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

“Жекшемби күнү жардамчым экөөбүз көлгө барганбыз. «Барс» эс алуу борборунан кымыз сатып алып, кайра Бишкекке келгенбиз. Бирок мен ал жерде Камчы Көлбаевди көргөн жокмун. Ошончо видеону чыгарышыптыр, анда Көлбаев менен отурганымды дагы чыгарбайт беле», — деди депутат.

17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы талкууланып жатканда Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен. Анын эртеси Бакиров Ак үйдөгү иш бөлмөсүнөн чыгарылып, бул боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

Кечээ, 27-декабарда депутат Бакиров УКМКда сурак берип чыкканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты