УКМК: «Дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бара жаткан унаа кармалды»

  • 2 года мурун

Дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдириши.
Чек ара кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына кире беришинен К.К. аттуу жаранынын башкаруусундагы КРОН аталган чиркегичи менен “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды.

Транспорттук кароодон өткөрүү линиясында К.К. аттуу жаран “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Бирок жогоруда аталган унааны дыкаат текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган “дары-дармектердин” жүктөрү табылган.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты