УКМК: ЦУМ соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

  • 8 месяцев мурун

ЦУМ соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан К.Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, 22-ноябрда “Сити Центр” ЖЧКсынын башкы директору, кыргыз жараны Ж.З. кармалды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) каралган кылмышты жасагандыгы боюнча айып тагылып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошол эле учурда “Сити Центр” ЖЧКсы ЦУМ соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат, ал соода борборундагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенет.

Учурда мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтардагы бурмалоолорду аныктоо жана республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин 11-ноябрда ЦУМ соода борборунун ээси А.Маметовго (Габбазов) тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, УКМК тарабынан К.Асанбекке таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты