УКМК: «Чет мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттерине катышуу фактысы боюнча кыргыз жараны кармалды»

  • 9 месяцев мурун

Чет мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттерине, террордук аракеттерге катышуу фактысы боюнча кыргыз жараны Т.Х. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда УКМК кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын 1995-жылы Жалал-Абад областында туулган Т.Х. аттуу жараны кармалды. «Ал 2015-жылдын аягында Москва шаарында иштеп жүргөндө “Катиба аль-Таухид валь-Джихад” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жалданып, Сирияга жеткирилип, ал жактан диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды», — деп жазылат маалыматта.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты