УКМК: «Чет мамлекеттин аймагында согуштук аракеттерге катышканга шектелген кыргыз жараны кармалды»

  • 2 года мурун
УКМК: «Чет мамлекеттин аймагында согуштук аракеттерге катышканга шектелген кыргыз жараны кармалды»

Чет мамлекеттин аймагында согуштук аракеттерге катышканга шектелген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралардын алкагында Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны К.у.А. аныкталды.

«К.у.А. кыргыз жараны болуп, Украинанын аймагына көчүп келип, ал жердеги аскердик топтордун катарында аскердик операцияларга катышкан. 11-январда Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.у.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты