УКМК: Чет өлкөлүк экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө паспорт жасап саткан адамдар кармалды

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында чет өлкөлүк диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө кыргыз паспортун жана башка расмий документтерди мыйзамсыз жасап, сатып жаткан адамдар кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Б.Г.Ж. жана Б.Д.Г. аттуу жарандардын жашаган жери тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктөрдүн бланктары, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн гербдүү мөөрлөрү, Кыргыз Республикасынын жана коңшу мамлекеттердин жарандарынын паспорттору табылган.

Мындан тышкары, “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун тыюу салынган экстермисттик материалдары табылган. Атайын кызмат учурда паспортторду жана башка документтерди мыйзамсыз алууга көмөктөшкөн башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Сүрөт интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты