УКМК: Чек ара кызматынын жетекчилери коррупцияга айыпталып кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик чек ара кызматында иштеген аскер кызматкерлеринин коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт койгонун билдирди.

Атайын кызмат берген маалыматка ылайык, «Достук-унаа жолу» көзөмөл өткөрмө бекетинин жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында системалуу түрдө чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстандын жарандарынан жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча алганы аныкталган.

Аталган фактынын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин алкагында, 19-октябрда «Достук-унаа жолу» көзөмөл өткөрмө бекетинин башчысы А. Э., УКМКнын Ош облусу боюнча чек ара кызматынын  башчысы Ч. Н., жана УКМКнын чек ара кызматынын  Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары К. Б. кармалган. Алар УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар жогорку кызматтагы башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты