УКМК: Чүйдө 436 га жер мамлекеттин балансына кайтарылды
- 2 года мурун
Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагында жайгашкан аянты 436 гектар жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 1995-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Рассвет» биргелешкен чарба эч кандай укук белгилөөчү документтери жок 436 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алып, пайдаланып жүрүшкөнү такталган. Ал жер мурда жарандарга «Рассвет» колхозунан жер үлүшү катары берилгени айтылды.
«Белгилей кетсек, «Рассвет» колхозунун бар болгону 3251,5 гектар жери бар экендиги, анын ичинен 2133 гектары сугат айдоо жана 1118,5 гектары кайрак айдоо жерлери болуп саналат. Алар 1992-1995-жылдары «Рассвет» колхозунан үлүш катары берилүүгө тийиш болгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен 436 гектар жер үлүштөрү мамлекеттин балансына кайтарылды»,- деп билдирди УКМК.
Учурда УКМК тарабынан жерлерди алдамчылык менен алектенген башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы




