УКМК: БШКнын маалымат тутумдарына компьютердик чабуулдар болгон

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети БШКнын расмий сайтында 2021-жылдын 28-ноябрында КР ЖК депутаттарын шайлоо учурунда катталган туура эмес маалыматтардын фактысы текшерип жатат. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялоодо БШКнын расмий сайтында саясий партиялар алган добуштардын саны боюнча туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн.

«Жогоруда аталган веб-ресурстун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодун иштеп чыгууда жарактуу бюллетендердин санын жана талапкерлерге берилген жарактуу бюллетендердин санын кошууда ката кетирилген, анын натыйжасында ашыкча маалыматтар көрсөтүлгөн. Белгилей кетсек, КР БШКнын техникалык адистери тарабынан жогоруда аталган веб-ресурстун программалык кодун (көрсөтүү баракчасынын) тестирлөөдө механикалык ката табылган эмес», — деп айтылат.

УКМК билдиргендей, Маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) маалыматтык коргоо каражаттарынын журналдык файлдарын алдын ала талдоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө БШКнын маалымат тутумдарына компьютердик чабуулдар болгонун көрсөттү. Ошол эле учурда, ушул сыяктуу чабуулдар ар дайым болуп келген, бирок, бул чабуулдар каттоого алынып, ийгиликтүү четке кагылып турат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы Конституциялык мыйзамга ылайык добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты