УКМК: Бостериде уюшкан кылмыштуу топтун «Макинтош» каймана аты бар мүчөсү кармалды

  • 11 месяцев мурун

Алдамчылык фактысы боюнча К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун «Макинтош» каймана аттуу мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдамчылык фактысы боюнча кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 22-августта Бостери айылынын аймагынан буга чейин оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, Бостери айылынын «смотрящийи» аталган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Мусадаров Майрамбек Мусадарович кармалды. Ал криминалдык чөйрөлөрдө «Макинтош» каймана аты менен белгилүү.

УКМК: Бостериде уюшкан кылмыштуу топтун «Макинтош» каймана аты бар мүчөсү кармалды #91991
УКМК: Бостериде уюшкан кылмыштуу топтун «Макинтош» каймана аты бар мүчөсү кармалды #91992
УКМК: Бостериде уюшкан кылмыштуу топтун «Макинтош» каймана аты бар мүчөсү кармалды #91993
УКМК: Бостериде уюшкан кылмыштуу топтун «Макинтош» каймана аты бар мүчөсү кармалды #91991 (preview)УКМК: Бостериде уюшкан кылмыштуу топтун «Макинтош» каймана аты бар мүчөсү кармалды #91992 (preview)УКМК: Бостериде уюшкан кылмыштуу топтун «Макинтош» каймана аты бар мүчөсү кармалды #91993 (preview)

2020-жылы М.Мусадаров Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, Кыргызстандын жаранынан 5 миң доллар жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок, жер тилкесин К.Асанбекке өткөрүп берген.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары көрүлгөндөн кийин М.Мусадаров Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты